2024-жылдын 15-майында К.И.Скрябин атындагы КУАУде көрүнүктүү инсан Эркин Арабаевдин 100 жылдыгына карата Республикалык илимий-тажрыйбалык конференция өткөрүлдү.

2024-жылдын 15-майында К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде көрүнүктүү инсан Эркин Арабаевдин 100 жылдыгына карата «Агрардык багыттагы адистерди даярдоодо инновациялык технологияларды колдонуунун маселелери» аттуу Республикалык илимий-тажрыйбалык конференция өткөрүлдү. Конференциянын пленардык жыйынында профессор Эркин Арабаев тууралуу тасма көрсөтүлүп, КУАУнун ректору, академик Нургазиев Р.З., КР Президентинин кеңешчиси, КР УИАнын корр.-мүчөсү Бөрүбашев Б.И., КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөржайы министринин биринчи орун басары Касейинов К.У., КР Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку, орто кесиптик жана ЖОЖдордон кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Исираилова А.Т., КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы, Бакеев Р.А., коомдук ишмер Ашыралиев К.Ж., профессорлор: Исраилов М.И., Абдыкеримов А,А., бир тууган карындашы Арабаева Н.Б. Э.И. кызыктуу жана мазмундуу илимий баяндамаларды жасашты. Ошондой эле, “Агрардык экономика”, “Айыл чарбасы, экология, технология, механизация” аттуу секциялык жыйындар болду. Соңунда, жогорку деңээлде жасалган илимий баяндамачыларга Сертификаттар тапшырылды.