2026-жылдын 9-февралында Ташкент химия-технология институтунун Өнөр жай инженериясы жана менеджмент факультетинин «Тилдер» кафедрасынын окутуучулары – доцент А.Х. Бобоев жана ага окутуучу К.А. Икрамова К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде квалификациясын жогорулатуу менен бирге илимий стажировкадан өтүштү.
Ошондой эле ТХТИнин «Кесиптик билим берүү» программасы боюнча билим алып жаткан 3, 4- курстун студенттери академиялык мобилдүүлүктүн алкагында кесиптик даярдоонун заманбап ыкмалары менен таанышуу болду. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер университеттин окуу процесси, лабораториялык, практикалык базасы жана инновациялык технологияларды колдонуу тажрыйбасы менен кеңири таанышышып, тажрыйба алмашышты.
Эл аралык кызматташтык – бул сапаттуу билим берүүнүн жана илимий өнүгүүнүн негизги кепилдиги болуп саналат.








