Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун 2021–2030-жылдарга чейин ишке ашырылуучу «Жаштарды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү жана дене тарбиялоо концепциясынын» жана «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужол Жарлыгынын негизинде, 2025-жылдын 10-декабрында К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата «Чынгыз Айтматовдун ааламы» аттуу факультеттер аралык кароо-сынагы өткөрүлдү.
Иш-чаранын максаты — улуу жазуучунун чыгармачылыгын даңазалоо, студенттердин руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарын өнүктүрүү жана чыгармачылык жөндөмдөрүн арттыруу болду.
Кароо-сынактын жүрүшүндө факультеттер тарабынан төмөнкү инсценировкалар жана музыкалык чыгармалар аткарылды:
- Агрономия жана токой чарба факультети — «Саманчынын жолу» повестинен инсценировка, «Саманчынын жолу» ыры;
- Ветеринардык медицина факультети — «Бетме-бет» повестинен инсценировка, «Махабат дастаны» ыры;
- Гидромелиорация, экология жана жерге жайгаштыруу факультети — «Кызыл жоолук жалжалым» повестинен инсценировка, «Ильяздын ыры»;
- Инженердик-техникалык факультети — «Жамийла» повестинен инсценировка, «Жамийла» ыры;
- Маалыматтык системалар жана аралыктан билим берүү институту — «Биринчи мугалим» повестинен инсценировка, «Махабат сыры» ыры;
- Технология жана биоресурстар факультети — «Кызыл алма» повестинен инсценировка, «Ойлойсуңбу» ыры;
- Экономика жана менеджмент факультети — «Эрте келген турналар» повестинен инсценировка, «Ысык-Көлдү сагынуу» ыры.
Кароо-сынактын калыстар тобунун курамында:
- Батаканова Светлана Топчиевна — К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор, калыстар тобунун төрайымы;
- Аскар кызы Жылдыз — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Филологиялык билим берүүнүн теориясы жана практикасы кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент;
- Касымалиева Кайркул Эсенгуловна — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Журналистика жана коммуникация институтунун доценти, филология илимдеринин кандидаты;
- Бербаева Айгелия Тимуровна — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Журналистика жана коммуникация институтунун 2-курсунун магистранты.
Кароо-сынактын жыйынтыгында:
- Баш байге — Инженердик-техникалык факультети;
- I орун — Маалыматтык системалар жана аралыктан билим берүү институту;
- II орун — Гидромелиорация, экология жана жерге жайгаштыруу факультети;
- III орун — Технология жана биоресурстар факультети.
Жеңүүчүлөргө жана байгелүү орундарды ээлеген командаларга дипломдор жана баалуу сыйлыктар тапшырылды. Ал эми Агрономия жана токой чарба, Ветеринардык медицина, Экономика жана менеджмент факультеттери кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты.
Иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, студенттердин чыгармачылык потенциалын ачууга жана Чынгыз Айтматовдун бай адабий мурасын терең таанууга өбөлгө түздү.







