You are currently viewing Бийиктикке умтулган илим: КУАУнун жетишкендиктери

Бийиктикке умтулган илим: КУАУнун жетишкендиктери

2025-жылдын 11-ноябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында Илим күнүнө арналган “Билим берүү менен өндүрүштү интеграциялоодо илимдин ролу” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Иш-чарага К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору, академик Нургазиев Р.З. катышып, “Азык-түлүк жана биологиялык коопсуздукту камсыз кылууда биотехнологиянын ролу” аттуу илимий баяндама жасады. Докладда төмөнкү негизги маселелер белгиленди:

  • климаттын өзгөрүшү,
  • жер ресурстарынын деградациясы,
  • калктын өсүшү,
  • биологиялык коопсуздукка байланыштуу чакырыктар.

Академик Нургазиев белгилегендей, бул чакырыктар биотехнология тармагында үзгүлтүксүз жана системалуу чечимдерди талап кылат. Ал биотехнология өлкөнүн азык-түлүк, экологиялык жана биологиялык коопсуздугун камсыз кылууда борбордук звено болуп каларын, илим–билим–өндүрүш үчилтигин бириктирүү зарылдыгын баса белгиледи.


Илимий көргөзмө

Конференциянын алкагында КУАУ окумуштууларынын илимий долбоорлору жана иштелмелери коюлду. Өзгөчө кызыгуу жараткан:

“In Vitro” лабораториясы,
— малинанын ар кандай сортторунун,
— декоративдик жана ийне жалбырактуу өсүмдүктөрдүн,
— картошканын вируссуз үрөн көчөттөрүн өстүрүү технологиялары.

Ошондой эле, лаборатория кызматкерлери тарабынан иштелип чыккан инновациялык материалдар көрсөтүлдү:

  • патогендерди аныктоочу ПЦР комплекттер,
  • РНК/ДНКны бөлүп алуу үчүн комплекттер,
  • “Direct” шафран уруктары жана башка биотехнологиялык продуктылар.

Сыйлыктар

Конференциянын жыйынтыгында илимий салымы үчүн:

🏅 А.Ш. Иргашев — ветеринария илимдеринин доктору, проректор — КР Улуттук илимдер академиясынын медалы менен сыйланды.

🏅 Г.К. Садырова — филология илимдеринин кандидаты, бөлүм башчысы — КР Улуттук илимдер академиясынын Ардак грамотасы менен сыйланды.


Стартап долбоорлорунун жеңиши

К.И.Скрябин атындагы КУАУнун студенттери жана жаш окумуштууларынын эки стартап долбоору жеңишке ээ болду:

1-орун — “In Vitro” картошканын вируссуз көчөттөрүн жана үрөндөрүн өндүрүү долбоору
Авторлору:

  • Бейшенбекова Саадат
  • Асанбекова Канышай
  • Дүйшенбаева Жазгүл
    Илимий жетекчи: б.и.к. Нурманов Ч.А.

2-орун — “Туруктуу өнүгүү жана жашыл технологиялар тармагындагы мыкты чечим” стартап долбоору
Авторлору:

  • Шербакунова Жасмин
  • Сааданова Айдана
  • Сабырбек кызы Айдана
    Илимий жетекчи: б.и.к. Ахмеджанов М.А.

Leave a Reply