You are currently viewing КР Президенти Садыр Жапаров тарабынан өзгөчөлөнгөн студенттерге Президенттик стипендия тапшырылды

КР Президенти Садыр Жапаров тарабынан өзгөчөлөнгөн студенттерге Президенттик стипендия тапшырылды

2025-жылдын 31-октябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров “Ынтымак Ордо” комплексинде жогорку окуу жайлардын мыкты жана активдүү студенттерине Президенттик стипендияларды тапшырды.

К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинен окуудагы жетишкендиктери, Эл аралык жана Республикалык студенттик илимий-практикалык конференцияларга, олимпиадаларга, Start-up долбоорлоруна, конкурстарга, коомдук иштерге активдүү катышкандыктары жана чет тилдерди билгендиктери үчүн төмөнкү студенттер Президенттик стипендияга ээ болушту:

  1. Союзбекова Элнура – Ветеринардык медицина факультетинин 4-курсунун студенти, мурунку Жогорку студенттик кеңештин төрагасынын орун басары.
  2. Турдубаев Арсен – Маалыматтык системалар жана аралыктан билим берүү институтунун 4-курсунун студенти, аталган институттун Студенттик кеңешинин төрагасы.
  3. Талгартбек кызы Диана – Инженердик-техникалык факультетинин 4-курсунун студенти.

Бул сыйлык — студенттердин эмгегине берилген жогорку баа жана мындан аркы жетишкендиктерге шыктандыруу болуп эсептелет.

Leave a Reply