2025-жылдын 21-октябрында К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору, академик Р.З.Нургазиев Биотехнология жана химия кафедрасынын доцентинин м.а. Бекжанова Эркингль Абдразаковнанын 80 жылдык мааракеси менен куттуктады. Эркингуль Абдуразаковна көрүнүктүү педагог, Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн отличниги, 50 жылдан бери К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде агрардык багытта билим алып жаткан студенттерге химия сабагын жогорку деңээлде окутуп, кыйла илимий-методикалык эмгектерди, окуу куралдарды жаратты. Бекжанова Э.А. арыбас мээнет кылып, анын бийиктиктерине чыгып, өлкөбүзгө айыл чарба багытындагы адистерди даярдоодо ак эмгек өтөп, коомчулукка билимдүү жаштарды даярдоодо салымын зор. Улуу-кичүү жарандарынын урмат-сыйына арзып, ички рухунун бийиктиги, адамдык ыйманынын тазалыгы менен жаштарга үлгү болуп, педагогдук жолду пир тутуп, андан мартаба таап, аруу инсан катары парасаттуу өмүр сапарын арытып, өжөр эмгек жана жөндөмдүүлүк гана адамды муратына жеткирерин үлгүлүү өмүрү менен айкындап келе жатат. Эжедеги билимдүүлүк, даанышмандык, эмгекчилдик, жоопкерчилик, айкөлдүк сапаттар кийинки муундарга үлгү!
“Ректор Р.З. Нургазиев Бекжанова Эркингүл Абдразаковнаны 80 жылдык мааракеси менен куттуктады”
- Post author:knau_admin
 - Post published:22.10.2025
 - Post category:Жаңылыктар
 - Post comments:0 Comments
 
You Might Also Like
2024-жылдын 12-мартында КУАУнун профессор Ж.Т.Темирбеков жана доцент И.Ж. Алыкеев КР Чүй обласындагы Президенттин Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө кесипке багыт берүү максатында, жолугушууга катышып келишти.