14.12.2023-жылы КУАУда Орто Азиядагы экономикалык өсүш секторлору үчүн кесиптик билим берүү долбоорунун (GIZ) өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.

14.12.2023-жылы КУАУда Орто Азиядагы экономикалык өсүш секторлору үчүн кесиптик билим берүү долбоорунун (GIZ) өкүлдөрү менен “Кесиптик окутуу M.Ed” санарип дистанттык магистрдик программасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча жумушчу топтун жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун негизги пункттары: тамак-аш колледждердеги жана техникумдардагы окутуучулардын ички суроо-талабын билүү; окутуучулардын кесиптик компетенттүүлүгүнө карата заманбап талаптарды талдоо; M.Ed билим берүү программасын иштеп чыгуу; тамак-аш багыты боюнча окуу пландын негизинде тиешелүү модулдарды даярдоодогу деңгээл; контентти санариптештирүү боюнча экспертти тартуу; зарыл электрондук ресурсту алуу.