2024-жылдын 7-февралында К.И.Скрябин атындагы КУАУнин лидер студенттери КР Жогорку Кеңешине барышып, экскурсия жасап, таанышып келишти. 

2024-жылдын 7-февралында К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин лидер студенттери КР Жогорку Кеңешине барышып,  экскурсия жасап, таанышып келишти.  Студенттер Жогорку Кеңештин депутаты Э.К.Кокулов менен жолугушту.  Жолугушууда  Э.К.Кокулов студенттерди мыкты билим алууга, ар тараптан өнүккөн, рухий дүйнөсү бай, дүйнө таанымы калыптанган, адеп-ахлактуу, жогорку деңгээлдеги кесипкөй адис болуп чыгуулары тууралуу аңеме курду. Студентер Кыргыз улуттук агрардык университет тууралуу маалымат беришип, билим алууга бардык шарттар түзүлгөндүгү, университеттин ректору, академик Р.З. Нургазиев студенттердин терең билим алышына, ар тараптан өнүккөн инсан болуп чыгышына, көп эмгек жумшап жаткандыгы, студенттер үчүн жакшы шарттар түзүлгөндүгү тууралуу маалымат беришти. Соңунда суроо- жооптор болду. Иш- чара абдан кызыктуу болуп, студенттер мотивация алышты.