2026-жылдын 13-апрелинде К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, доктор (PhD), профессор Алпаслан Джейлан жетектеген делегация расмий иш сапары менен келип, жаңы дайындалган ректор Тотубаева Нурзат Эрмековнаны куттуктады.
Жолугушуунун алкагында делегация университеттин In Vitro лабораториясына барып, илимий-изилдөө ишмердүүлүгү менен жакындан таанышты. Ошондой эле тараптар эки жогорку окуу жайдын ортосунда билим берүү жана илимий кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашып, өз ара пикир алмашышты.






