Вы сейчас просматриваете “Чынгыз Айтматов – улуу ойчул” аттуу факультеттер аралык кароо-сынагы өткөрүлдү.

“Чынгыз Айтматов – улуу ойчул” аттуу факультеттер аралык кароо-сынагы өткөрүлдү.

  • Автор записи:
  • Рубрика записи:Новости

КР Билим берүү жана илим министрлиги “КР мамлекеттик тили жөнүндө” жана КР Эл жазуучусу Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 20-июнундагы №353-тескемесине ылайык, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан 2023-жылдын 18-сентябрынан 18-декабрына чейин “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталышындагы мамлекеттик тилдин үч айлыгынын жарыяланышына байланыштуу, 2023-жылдын 22-ноябрында К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык  университетинде “Чынгыз Айтматов-улуу ойчул” аттуу факультеттер аралык  кароо-сынагы өткөрүлдү. Иш-чарада: Ч.Айтматовдун “Бетме бет”, “Кызыл алма”, “Саманчынын жолу”, “Эрте келген турналар”, “Жамийла”, “Кызыл алма”, “Биринчи мугалим”,  “Кылым карытар бир күн” повесттери боюнча   студенттер тарабынан  сценалык аткаруулар көрсөтүлүп, жазуучунун чыгармалары боюнча жазылган обондуу ырлары аткарылды.

       Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар жана дипломдор тапшырылды.

1-орунду   Гидромелиорация, экология жана жерге жайгаштыруу факультети:

2-орунду  Агрономия жана токой чарба факультети;

3-орунду  Экономика жана менеджмент факультети ээлешти.