Вы сейчас просматриваете 2023-жылдын 11-октябрында К.И.Скрябин атындагы КУАУда КРнын ЖКнин депутаты Нуржигит Кадырбеков, окуу жайдын ректору,  проректорлор, декандар, директолор, профессор- окутуучулар, студенттер менен жолукту.

2023-жылдын 11-октябрында К.И.Скрябин атындагы КУАУда КРнын ЖКнин депутаты Нуржигит Кадырбеков, окуу жайдын ректору, проректорлор, декандар, директолор, профессор- окутуучулар, студенттер менен жолукту.

  • Автор записи:
  • Рубрика записи:Новости

2023-жылдын 11-октябрында К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Нуржигит Кадырбеков келип, окуу жайдын ректору, академик Р.З.Нургазиев, проректорлор, декандар, директолор, профессор- окутуучулар, студенттер менен жолукту. Жолугушууда жогорку окуу жайларда тарбиялоо процессинин негизги максаты- студенттердин руханий таза дөөлөттөрүн калыптандыруу, акыл-эстик, адеп-ахлактык, мекенчилдик, достук, дене тарбиялык, эмгектик, эстетикалык жетилүүсүнө көмөктөшүү зарыл экендигине, ошондой эле, алардын чыгармачылык өнүгүүсүнө тийиштүү шарттарды түзүү, жаштарда гумандуулук мамилени калыптандыруу жана ар бир студенттин өз алдынчалуулугун эске алуу аркылуу гармониялуу өнүгүүсүн камсыз кылуу кажет экендигин тастыктады.

Кыргыз улуттук агрардык университетте агрардык багыттагы адистерди даярдап чыгаруу менен бирге, ар тараптан өнүккөн, рухий дүйнөсү бай, дүйнө таанымы калыптанган, адеп-ахлактуу инсандарды тарбиялоого, эң негизгиси, студенттердин жан дүйнөсү бай, маданияттуу өсүшүн, жарандык калыптануусун, жеке инсандык жана кесиптик тажрыйбасын интеграциялоого шарт түзүп, көмөк көрсөтүп турган университеттин ректору Р.З.Нургазиевге, профессор-окутуучуларга ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, суроо- жооптор болуп, Нуржигит Кадырбеков Ч.Айтматовдун кабинети менен таанышып, ал жерден өзүнүн китептерине кол тамга коюп, профессор-окутуучуларга жана студенттерге таркатты.