2026-жылдын 26- майында К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы №137 “2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиянын жоболорун ишке ашыруу, коррупцияга каршы пропаганда жүргүзүү, коррупцияга каршы стандарттарды жайылтуу жана коомдо коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин 2021-жылдын 21-майындагы №05/2-11/1036 кайрылуусунун негизинде К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде Алимбеков Алмаз Акматалиевич – Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, Конурбаев Улан Искакович – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги өкүлү, Кирдибаева Бактыгуль Ишеновна – коррупция чөйрөсүндө эксперт, Аматов Ш.Б. – окуу бөлүм башчысы, Садырова Г.К. – сапат, аккредитация жана лицензиялоо бөлүм башчысынын катышуусунда 2026–2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы маалыматтык саясатынын мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы менен тааныштырып, университеттин коррупцияга каршы жасап жаткан иш чаралары тууралуу маалымат берилди. Жыйын университеттин окутуучу-профессордук курамынын өкүлдөрү жана студенттердин катышуусунда өттү, аягында суроо-жоопторго студенттер активдүү катышышты.



