К.И. Скрябин атындагы КУАУга “Аталык Групп” тарабынан YTO-ZX904 үлгүсүндөгү трактору белекке берилди.

  • Автор записи:
  • Рубрика записи:Новости

2023-жылдын 3-ноябрында К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Инженердик-техникалык факультетинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, “Аталык Групп” жабык акционердик коому тарабынан YTO-ZX904 маркасындагы  трактору белекке берилди. Иш-чарага: КУАУнун ректору,   академик Нургазиев Р.З., “Аталык Групп” жабык акционердик коомунун башкы директору Укубаев Т.Г., ишкананын башкы адистери, КУАУнун проректорлору, Инженердик-техникалык факультетинин деканы Темирбеков Ж.Т., профессор-окутуучулар жамааты жана студенттер катышышты.

 Аталган иш-чарада КУАУнун ректору, академик Нургазиев Р.З. жана аталган ишкананын башкы директору Укубаев Т.Г. сөз сүйлөшүп, теориялык окуу процесси менен практикалык билимди айкалыштырып, студенттердин билим деңгээлин жогорулатуу учурдун талабы экендигин баса белгилешти. Тараптар “Агроинженерия”, “Агрономия”, “Ветеринария” ж.б. айыл чарба багыттарында окуган студенттердин өндүрүштүк практикаларын жана практикага багытталган сабактарын “Аталык” агрохолдингинин базасында өткөрүү тууралуу макулдашышты.

Жыйынтыгында, “Аталык Групп” жабык акционердик коомунун башкы директору Укубаев Т.Г. КУАУнун ректору, академик  Р.З.Нургазиевге YTO-ZX904 маркасындагы  трактордун сертификатын тапшырып, келишимдерге кол коюшту.