Окумуштуулар кеңешинин төрагасы

Университеттин ректору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, профессор

Нургазиев Рысбек Зарылдыкович

Телефон: +996 (312) 54-52-10, +996 (312) 54-05-48,
Факс:  +996 (312) 54-05-45.

Фамилиясы, аты, атасынын аты: Нургазиев Рысбек Зарылдыкович

Туулган жылы: 1961-жылдын 7- ноябры

Улуту: кыргыз

Адистиги: ветеринардык врач

Ээлеген кызматы: К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору 

Билими:

  1. 1978-1983-жж. К. И. Скрябин атындагы Москва ветеринария академиясы (артыкчылык диплому менен аяктаган);
  2. 1985-1989 – жж. К. И. Скрябин атындагы Москва ветеринария академиясы, күндүзгү аспирантура бөлүмү;
  3. 1989 -жж. кандидаттык диссертациясын коргогон;
  4. 1993 – жж. доцент окумуштуулук наамы берилген;
  5. 1997 – жж. докторлук диссертациясын коргогон;
  6. 1999 -жж. профессор окумуштуулук наамы берилген;
  7. 2010 -жж.Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент – мүчөсү болуп шайланган.
  8. 2021-жж. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги болуп шайланган;
  9. 2022жж.- Россиянын Илимдер академиясынын академиги болуп шайланды (чет элдик мүчөсү). 

Эмгек тажрыйбасы:

  1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2021-жылдын 12-мартындагы № 161 Жарлыгы менен Нургазиев Р. З. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору болуп  дайындалды.
  2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 9-февралындагы № 75 Жарлыгы менен Нургазиев Р. З. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору болуп дайындалып, ийгиликтүү эмгектенип келет;
  3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 29-декабрындагы № 368 Жарлыгы менен Нургазиев Р. З. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору болуп дайындалып, ийгиликтүү эмгектенүүдө;
  4. 2008-2010-жж. А.Дүйшеев атындагы Ветеринария илим-изилдөө институтунун директору;
  5. 2002-2008-жж. А.Дүйшеев атындагы Кыргыз мал чарба, ветеринария жана жайыт илим-изилдөө институтунун директору;
  6. 2000-2002-жж. Кыргыз агрардык академиясынын Ветеринардык медицина факультетинин жугуштуу жана инвазиялык ыландар кафедрасынын профессору;
  7. 1998-2000-жж. Кыргыз агрардык академиясынын ветеринардык медицина факультетинин деканы;
  8. 1997-1998-жж. Кыргыз агрардык академиясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы;
  9. 1994-1996-жж. К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун Ветеринардык медицина факультетинин деканы;
  10. 1993-1994-жж. К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун Ветеринардык медицина факультетинин деканынын орун басары;
  11. 1990-1997-жж. К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун доценти;
  • 1989-1990-жж. К. И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун эпизоотология, микробиология жана паразитология кафедрасынын ассистенти;
  1. 1983-1985-жж. Тянь-Шань районундагы “Коммунизм” колхозунда башкы ветеринардык врачы. 

Илимий эмгектери:

Академик Р.З. Нургазиевдин жетекчилиги менен 5 докторлук, 23 кандидаттык илимий диссертациялар жакталган. Азыркы учурда 4 докторанттын жана илимдин кандидаты окумуштуулук даражасын алууга 7 изденүүчүнүн илимий жетекчиси.

348 илимий иштери, анын ичинен 2 монография жана 8 окуу китеби; мындан тышкары  26 усулдук сунуштар, вакциналык препараттардын биотехнологиясы боюнча 12 илимий иштеп чыгуулары ойлоп табуу катары таанылып, аларга патент берилген.  Айыл чарба малдарынын шарп, күл жана сальмонеллез ылаңдарына каршы вакциналык дарылардын  жана айкөл эт-май багытындагы койлордун пародасынын авторлорунун бири.

 

Илимий-уюштуруучулук ишмердиги төмөнкүлөр болуп эсептелет:

  • “Кыргыз Республикасында жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөнүн өндүрүү боюнча инфраструктураны түзүүгө көмөктөшүү” өнүктүрүү максатында Расмий жардам линиясы (ODA) боюнча долбоор ишке ашырылууда. Анын максаты инфраструктуралык базаны жакшыртуу жана Кыргызстанга жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөнүн жеткирүүнүн туруктуу ички системасын түзүү болуп саналат.
  • “Лаборатория in vitro шарттарында мөмө өсүмдүктөрүнүн ар кандай сортторунун вируссуз көчөттөрүн өндүрүү үчүн өсүмдүктөрдүн микроклоналдык көбөйтүү технологиясын изилдөө, иштеп чыгуу жана киргизүү”. Өсүмдүктөрдүн микроклоналдык көбөйтүү технологиясын колдонуу менен жергиликтүү фермерлерди мөмө өсүмдүктөрүнүн жогорку түшүмдүү сорттуу көчөттөрү менен камсыз кылуунун негизги максаты университеттин in vitro лабораториясында мөмө өсүмдүктөрүнүн вируссуз көчөттөрүн өстүрүүнү пландаштырууда.
  • “Молекулярдык диагностика аркылуу КР аймагында жаныбарлардын трансчегаралык ооруларына мониторинг жүргүзүү”. Долбоордун максаты: өлкөнүн биологиялык жана азык-түлүк коопсуздугу.
  • Азык-түлүк жана биологиялык коопсуздук боюнча Илимий-инновациялар борборун түзүү. Негизги максаты: квалификациялуу адистерди даярдоо, заманбап лабораториялык жабдуулар менен сапаттуу илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү, ата мекендик диагностикалык тест системаларын иштеп чыгуу жана сапаттуу сорттуу, вируссуз көчөт материалдарын өндүрүү.
  • КМШ өлкөлөрүнүн агрардык жогорку окуу жайларынын Кеңешинин мүчөсү;
  • Диссертациялык Кеңешинин мүчөсү;
  • Кыргыз Республикасынын ректорлорунун Ассоциациясынын мүчөсү;
  • Кытай Эл Республикасынын демилгеси менен “Бир алкакта- бир жол” “Түштүк-Түштүк” кызматташуусунун алкагында, агрардык билим берүү, илим жана инновациялык технологиялар лигасынын мүчөсү;
  • Эпидемиологиялык коркунучу менен күрөшүү боюнча эл аралык Окумуштуулар Кеңешинин мүчөсү. 

Сыйлыктары:

  • 2004 -ж. Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын агрардык элитасы” сыйлыгы;
  • 2009-ж. Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы;
  • 2016 -Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын Илим жана техника боюнча Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты”.
  • 2019-ж. Кыргыз Республикасынын Илимине эмгек сиңирген ишмер ардактуу наамы;
  • 2021- Кыргыз Республикасынын ЖК Ардак Грамотасы