Бул Жобо «Редакциялык жана илимий метрикалык анализ бөлүмү» түзүмдүк бөлүмүнө жайылтылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык, ошондой эле К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети жөнүндө Жобонун негизинде иштелип чыккан (мындан ары – КУАУ).
Редакциялык жана илимий метрикалык анализ бөлүмү өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, редакциялоо жана басып чыгаруу жаатындагы ченемдик-укуктук актыларды жана методикалык материалдарды, ошондой эле КУАУнун уюштуруу – тескөө документтерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
Бөлүмдү түзүүнүн максаты – университет тарабынан чыгарылып жаткан журналдын илимий мазмунунун сапатын жана деңгээлин, ишенимдүүлүгүн, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн, илимий рейтингин, импакт факторун жогорулатуу, журналды эл аралык жогорку даражалуу илимий басылманын деңгээлине жеткирүү. Максатыбыз дүйнөлүк эл аралык Web of Science, Scopus илимий маалымат базасына кирүү. ЖОЖдун окумуштууларынын изилдөө материалдарын ата мекендик жана чет өлкөлүк илимий базаларда, маалымат системаларында жана цитаталар системаларында кеңири чагылдыруу, журналдын, профессордук-окутуучулук курамынын, илимий кызматкерлердин жана бүтүндөй университеттин рейтингинин жогорулашына салым кошуу. Бөлүм өз ишинде төмөнкүлөрдү жетекчиликке алат: Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам актыларын, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйруктарын, Университеттин Уставын, Жамааттык келишимди, Университетте кабыл алынган СМЖ документтери жана Бөлүм тууралуу жобону.
Бөлүмдүн негизги милдеттери төмөндөгүлөр:
а) башка редакторлор менен алмашуу үчүн эң маанилүү макалалардын тизмесин даярдоо;
б) адекваттуу шилтеме жасоого жол бербөө боюнча авторлор менен иштөө (чет өлкөдө жеткиликтүү болбогон адабияттардан цитаталоо: сактоого берилген кол жазмалар, орус тилдүү конференциялардын жыйнактары ж.б.);
в) Акыркы 1-2 жылда жарык көргөн заманбап адабияттарга милдеттүү түрдө шилтеме берүү боюнча авторлор менен иштөө
Изилдөөчүнүн ишмердүүлүгүн баалоонун негизги элементтеринин бири болуп анын илимий өндүрүмдүүлүгү болуп (маалыматтык мааниси) саналат, алар жарыялоо активдүүлүгү жана цитаталар менен аныкталат. Ошондой эле илимий – метрикалык анализде интегралдык көрсөткүч дагы колдонулат – бир эле учурда жарыялоонун активдүүлүгүн да, цитатаны да эске алган Хирша индекси болуп эсептелет. Бул көрсөткүчтөр боюнча жеке окумуштуунун да, жалпы уюмдун да ишмердүүлүгү бааланат. Эсиңизде болсун: макала жазып жатканда, эл аралык деңгээлдеги илимий изилдөөлөргө адаттагыдай эле, бул багыттагы бардык маанилүү жана көрүнүктүү эмгектерге шилтеме жасоо зарыл. Бул илимий маданияттын элементи болуп саналат. Библиографиялык маалымдамалардын жардылыгын илимий маданияттын жоктугунун белгиси катары кароо керек. Туура цитата кылуу үчүн ушул жана ага тиешелүү тармактарда иштеген КУАУнун башка окумуштууларынын эмгектеринен ар бир изденүүчүлөр кабардар болушу керек. Бул ар бир адамдын кызыкчылыгына жооп берет.
Башка басылмаларга макалаларды жайгаштырууда КУАУда гана эмес, башка уюмдарда иштеген кесиптештериңизге жарыяланган макала тууралуу эскертүүнү унутпаңыз жана тартынбаңыз. Бул сиздин илимий байланышыңыздын жана цитатаңыздын чөйрөсүн кыйла кеңейтет. Жогорку даражалуу басылмаларга, журналдарга артыкчылык берүү керек. Бул учурда, эл аралык маалымат системаларына кирүү мүмкүнчүлүгү көбүрөөк болот – Web of Science, Scopus, SpringerLink, Agris, мындай басылмаларга көз салышат. Журналыбыздын импакт факторун көтөрүү керек. Бул сиздин изилдөөңүздү эл аралык деңгээлге алып чыгып, окумуштуулардын – эмгектин авторлорунун да, бүтүндөй уюмдун да беделине жана кадыр-баркына олуттуу таасирин тийгизет.
Эсиңизде болсун, өзүн-өзү цитата кылуу аркылуу цитатаны көбөйтүү эң оңой жол, бирок учурда өзүн-өзү цитаталоо олуттуу чектелгенин эске алуу керек: эл аралык маалымат системаларында – 20%ке чейин, РИНЦте – 40%га чейин (мурда 60 %). Баарыңыздарга КУАУнун бакубаттыгы үчүн чыгармачылык ийгилик!