Адыяман университети менен К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту.
К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети жана Түркия Республикасынын Адыяман университети эл аралык академиялык жана илимий кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган өз ара кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюшту.
Келишимдин негизги максаты – эки жогорку окуу жайдын ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөө, билим берүү жана илим тармагындагы байланышты кеңейтүү, ошондой эле окутуучулар, изилдөөчүлөр жана студенттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү болуп саналат.
Келишимдин алкагында тараптар төмөнкү багыттар боюнча кызматташат:
• окутуучуларды, илимий кызматкерлерди, изилдөөчүлөрдү, студенттерди, магистранттарды жана аспиранттарды академиялык алмашуу программаларына тартуу;
• биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана эл аралык долбоорлорду ишке ашыруу;
• конференцияларды, симпозиумдарды, семинарларды, тегерек столдорду жана башка илимий-маданий иш-чараларды уюштуруу;
• эл аралык билим берүү жана илимий мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат алмашуу;
• илимий монографиялар, басылмалар жана электрондук ресурстар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү.
Тараптар кызматташуунун ар бир багыты боюнча өзүнчө программаларды жана иш-чаралар планын иштеп чыгып, аларды этап-этабы менен ишке ашырууну макулдашышты.
Бул өнөктөштүк эки университеттин эл аралык байланыштарын кеңейтүүгө, билим берүү сапатын жогорулатууга жана агрардык илим тармагындагы биргелешкен изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.




