2026-жылдын 3-июнунда — К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде эмгек рыногу менен билим берүүнүн ортосунда бекем кызматташтык көпүрөсүн түзүүгө багытталган «Кесиптик багыт берүү жана бүтүрүүчүлөр күнү» аттуу ири иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чараны КУАУнун ректору, биология илимдеринин доктору Нурзат Эрмековна Тотубаева ачты. Ал университет соңку жылдары өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүү максаттарына жана агрардык чөйрөнүн реалдуу муктаждыктарына шайкеш кадрларды даярдоого өзгөчө басым жасап жатканын белгиледи. Бүгүнкү күндө КУАУ өндүрүш жана илимий мекемелер менен биргеликте дуалдык билим берүү тутумун жигердүү киргизүүдө.
2025–2026-окуу жылында КУАУну жалпысынан 1120 жаш адис аяктап жатат. Эмгек рыногунда суроо-талап жогору болгон адистиктер боюнча бүтүрүүчүлөр:
- Ветеринария — 199
- Экономика — 167
- Электроэнергетика — 76
- Агроинженерия — 65
- Агрономия — 51
- Токой чарбачылыгы —25
Иш-чара КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен биргеликте уюштурулду. Жыйынга министрдин орун басары Р.К. Балтабаев, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Улуттук илимдер академиясынын, Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрү, «ЭкоИсламик Банк» жана «Бакай Банк» жетекчилери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ири фермердик чарбалардын башчылары жана ийгиликтүү бүтүрүүчүлөр катышты.
Иш-чаранын алкагында жумуш берүүчүлөрдүн таанытмалары, бош жумуш орундар жарманкеси, сурамжылоолор жана билим берүүнүн сапатын заманбап форматка келтирүү боюнча ачык микрофон сессиясы өттү. Аянтча бүтүрүүчүлөргө келечектүү жумуш табууга, өнөктөштөргө болсо амбициялуу жаш кадрларды ишке тартууга мүмкүнчүлүк түздү.







