Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору Н.Э. Тотубаева жана кабыл алуу комиссиясынын жоопту катчысы Мелис уулу Д. «Чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу борборунун» иш чарасына катышты
29-май күнү Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору жана кабыл алуу комиссиясынын жоопту катчысы КРнын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министирлигинин уюштуруусундагы жумушчу жолугушууга катышты.
Иш чараны министр Гүлзат Исаматова жана министрдин орун басары Козуев Д.И. жетектеди. Жолугушуунун алкагында «Чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу борбору» мамлекеттик ишканасынын директору Чыңгыз Узакбаев Борбордун негизги иш багыттарын, максат-милдеттерин жана жаңы кабыл алуу тутумунун механизмдерин тааныштырды.
Жолугушуунун негизги темалары: чет элдик студенттерди 2026/2027 окуу жылына кабыл алуу иштери, бөлүнгөн гранттык орундар жана квоталар, абитуриенттерди кабыл алуудагы ачык-айкындык, мамлекеттик бүтүрүү сынактарын көзөмөлгө алуу, ЖОЖдор менен Борбордун санариптик платформа аркылуу кызматташуусу.
Борбордун бирдиктүү санариптик платформасы арыздарды кабыл алуу, документтерди текшерүү жана чет элдик студенттерди коштоо кызматтарын камтыйт. Система коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга жана бардык талапкерлер үчүн бирдей шарттарды камсыз кылууга багытталган.
КУАУнун кабыл алуу комиссиясы жаңы механизмдерди колдонуу үчүн дайындуу экендигин билдирет.