29-май 2026-жылы Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужол Жарлыгын ишке ашыруу максатында «Жаш окумуштуулардын кеңешмеси» аттуу илимий-тажрыйбалык иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Капаевич, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары, Жогорку аттестациялык комиссиянын төрагасы Борубашев Бекбосун Ишенбекович, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Надырбеков Союзбек Садырбекович катышышты.
Иш-чаранын алкагында күн тартибиндеги негизги маселе — «Илимдин өнүгүүсүндөгү жаш окумуштуулардын орду жана ишмердүүлүгү» темасы боюнча баяндамалар жасалып, илим тармагындагы актуалдуу маселелер боюнча ой-пикирлер, сунуштар жана суроо-жооптор талкууланды. Кыргыз улуттук агрардык университетинен Жаш окумуштуулар кеңешинин төрагасы, редакция жана илимий-метрикалык анализ бөлүмүнүн башчысы Белек уулу Эсенбек катышып, бир катар сунуштарын берди.
Иш-чара жыйынтыкталып, уюштуруучулардын сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин алдындагы Жаш окумуштуулар кеңешинин төрагасы, төраганын эки орун басары жана катчысы ачык добуш берүү аркылуу шайланды.
Жыйындын жүрүшүндө жаш окумуштуулардын илимий изилдөө иштерин өнүктүрүү, алардын коомдогу ордун бекемдөө, илимий потенциалын колдоо жана мамлекеттик деңгээлде кызматташууну күчөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Аталган иш-чара жаш окумуштуулардын башын бириктирип, алардын илимий ишмердүүлүгүн колдоого жана тажрыйба алмашуусуна өбөлгө түзгөн маанилүү аянтча болду. Жыйындын аягында резолюция кабыл алынды.