2026-жылдын 25-майында К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору, биология илимдеринин доктору Нурзат Эрмековна Тотубаева университеттин окуу-тажрыйба талаасы, Студенттик айылда жайгашкан жатакана жана Жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөнүн өндүрүү боюнча окуу-илимий борборунун учурдагы абалы менен таанышты.
Иш сапардын алкагында ректор проректорлор жана директорлор менен биргеликте аталган объекттердин абалын жана алдыдагы жумуштардын планын талкуулашты.
Талкуунун жүрүшүндө окуу-өндүрүштүк базаларды натыйжалуу пайдалануу, үрөнчүлүк борборунун ишин өнүктүрүү жана мындан аркы багыттар боюнча пикир алмашуу болду.




