2026-жылдын 18-майынан тартып Германиянын Гамбург шаарындагы HAW Hamburg университетинин Информатика жана санариптик коом факультетинин базасында Erasmus+ программасынын алкагындагы D-TIDE-KG долбоору боюнча билим алмашуу иш-чарасы өтүп жатат.
Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын координаторлору жана HAW Hamburg университетинин профессорлору катышып, доктордук билим берүүнү санариптик трансформациялоо, PhD программаларын өнүктүрүү жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо маселелерин талкуулашууда.
Аталган иш-чарага Кыргыз улуттук агрардык университетинен окуу иштери боюнча проректору Арзыбаев Алмазбек Момунович, профессор Шергазиев Уранбек Адиевич, аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы Ибраева Нурила Мукашевна, ага окутуучу Деркенбаева Салтанат Советбековна жана Маалыматтык технологиялар борборунун башчысы Дүйшеев Ринат Тагайбекович катышууда.
Бул билим алмашуу сапардын негизги максаты — Кыргыз Республикасында доктордук билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, санариптик инфраструктураны өнүктүрүү жана Европалык билим берүү мейкиндигине интеграциялоону колдоо болуп саналат.




