Вы сейчас просматриваете КНАУда “Баракелде-2026” кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

КНАУда “Баракелде-2026” кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Кыргыз Республикасынын Президентинин Садыр Жапаров 2021–2030-жылдарга карата «Жаштарды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү жана дене тарбиялоо» концепциясынын жана «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» Жарлыгынын алкагында К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде «Баракелде-2026» кароо-сынагы 2026-жылдын 20–21-апрель күндөрү өткөрүлдү.

Аталган иш-чара студенттердин чыгармачылык дараметин ачуу, улуттук маданиятты өнүктүрүү, ошондой эле жаштардын руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарын бекемдөө максатын көздөйт. Сынакка университеттин бардык факультеттеринин студенттери активдүү катышып, өз өнөрлөрүн ар тараптуу көрсөтүштү.

2026-жылдын 28-апрелинде кароо-сынактын жыйынтыктоочу гала-концерти өткөрүлүп, университеттин ректору куттуктоо сөз сүйлөп, катышуучуларга жана жеңүүчүлөргө ийгиликтерди каалады.

Калыстар тобунун курамына К.Карасаев атындагы БМУнун Кыргыз филологиясы факультетинин улуу окутуучулары А.А. Турмаханбетова жана Карыбек кызы Татыгүл, ошондой эле студенттер А.А. Мухамедалиева жана М.М. Исматиллаева кирди. Аларга ыраазычылык билдирилип, сертификаттар тапшырылды.

Факультеттер аралык жыйынтык:

  • 🥇 1-орун – Инженердик-техникалык факультет
  • 🥈 2-орун – Экономика жана менеджмент факультети
  • 🥉 3-орун – Гидромелиорация, экология жана жерге жайгаштыруу факультети

Кызыктыруучу сыйлыктар:

  • Ветеринардык медицина факультети
  • Технология жана биоресурстар факультети

Номинациялар боюнча жеңүүчүлөр:

1. Вокалдык ырдоо:

  • 🥇 Айбашова Рафия жана Абдымомунов Билим
  • 🥈 Шакирова Гани
  • 🥉 Рахматиллаева Афина

2. Бий номинациясы:

  • 🥇 Ветеринардык медицина факультетинин “Мурас” бийчилер тобу; Инженердик-техникалык факультетинин “Кыргыз бийи”
  • 🥈 Экономика жана менеджмент факультетинин “Чыгыш” бийи
  • 🥉 Гидромелиорация, экология жана жерге жайгаштыруу факультетинин “Интернационалдык” бийи

3. Аспапта ойноо:

  • 🥇 Шакирова Гани (“Without Words”)
  • 🥈 Камчыбек кызы Канайым (“Комуз күүлөрү”); Талгарбеков Эрмек (“Комуз күүсү”)
  • 🥉 Инженердик-техникалык факультетинин студенттери

4. Оригиналдуу жанр:

  • 🥇 Гидромелиорация, экология жана жерге жайгаштыруу факультетинин “Козулар” комедиялык аткаруусу
  • 🥈 Экономика жана менеджмент факультетинин “Египет” жанры; Инженердик-техникалык факультетинин “Вальс” жанры
  • 🥉 Технология жана биоресурстар факультетинин “Пантомима” жанры

5. Көркөм окуу:

  • 🥇 Темирбек уулу Азатбек жана Тынычбеков Илгиз (“Эки алптын сүйүүсү”)
  • 🥈 Арстанбекова Санирабийка (“Эсиңе кел”)
  • 🥉 Сабыров Арстанбек (“Байка кыргыз”)

6. Сценалык аткаруу:

  • 🥇 Инженердик-техникалык факультетинин “Кызыл жоолук жалжалым” мюзикли
  • 🥈 Ветеринардык медицина факультетинин “Керексиз” инсценировкасы; Экономика жана менеджмент факультетинин “Тагдыр” инсценировкасы
  • 🥉 Гидромелиорация, экология жана жерге жайгаштыруу факультетинин “Дарак ыры” инсценировкасы

Добавить комментарий