2025-жылдын 29-августунда К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Окуу-тажрыйба чарбасында Корея Республикасынын колдоосу менен «Кыргызстанда жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөнүн өндүрүү үчүн инфраструктура түзүүгө көмөк көрсөтүү» аттуу долбоордун алкагында, Жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөнүн өндүрүү боюнча Окуу-илимий борборуна КУАУнун ректору, академик Нургазиев Р.З., проректорлор, декандар барышып, чынар теректин, жапалак арчанын көчөттөрүн отургузушту.
Аталган борбордун максаты жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөнүнүн түшүмдүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу, Кыргызстанды жашылча үрөнү менен камсыз кылуунун туруктуу системасын түзүү жана жашылча үрөнү менен камсыздоо системасын чыңдоо, азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу жана студенттерге дуалдык билим берүүнү жогорулатуу, илимий-изилдөө иштерди өнүктүрүү болуп эсептелет.
Устүбүздөгү жылдын 10-сентябрында Окуу-илимий борбордун ачылышы боюнча маселелер каралды. Иш-чарага: Министрлер Кабинетинин Төрага орун басары – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Торобаев Б.Э,, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим жана инновация министри Орозов Б.С., КР Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагазиев К.С., Кореянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ким Кван Чжэ, KRC глобалдык долбоордун кеңсесинин башкы директору Ким Сон Гён, KRC глобалдык айыл чарбаны өнүктүрүү тобунун директорунун улук орун басары Мун Кён Дак, Корея Эл аралык Кызматташтык Агенттиги-KOICA Кыргызстандагы башкы өкүлү Лим Со Ён,, Бай Дыйкан» компаниясынын башкы директору Акунбеков Э.А. ж.б. катышуусу күтүлүүдө.




