Вы сейчас просматриваете Үрөн өндүрүүчү заманбап заводдун курулушу аягына чыгууда

Үрөн өндүрүүчү заманбап заводдун курулушу аягына чыгууда

2025-жылдын 16-июлунда К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Окуу-тажрыйба чарбасында Корея Республикасынын колдоосу менен «Кыргызстанда жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөнүн өндүрүү үчүн инфраструктура түзүүгө көмөк көрсөтүү» аттуу долбоордун алкагында, үрөндүн түшүмдүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу аркылуу, Кыргызстанды жашылча үрөнү менен камсыз кылуунун туруктуу системасын түзүү жана жашылча үрөнү менен камсыздоо системасын чыңдоо аркылуу азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу максатында, курулуп жаткан заводго Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Төрөбаев Б.Э., Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагазиев К.С.,  университеттин ректору, академик Р.З. Нургазиев, проректорлор, факультеттин декандары    барып келишти.   

 Иш сапардын алкагында, завод керектүү жабдыктар менен камсыздалгандыгы, жаңы орнотулган системанын иштөө тартиби,   өсүмдүктөрдү өстүрүү үчүн 9 күнөсканага пияз жана бадыраң өстүрүлүп жаткандыгы, 4 гектар жерге питомник уюштурулуп, калемпирдин,  барбаристин, малинанын жана гибриддик теректердин көчөттөрү отургузулгандыгы менен  таанышып, айыл чарба адистери жана долбоордун техникалык командасы менен пикир алмашышты.

 Ректор Р.З. Нургазиев өз сөзүндө бул долбоордун илимий-изилдөө иштерин өнүктүрүүдөгү жана кадрлардын даярдыгын жакшыртуудагы маанисин өнөктөштүк мамилелерди мындан ары да улантуу зарылдыгын тастыктап, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында заводдун ачылышы болорун белгиледи.

       Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Төрөбаев Б.Э.  жашылча үрөнүн жеринде өндүрүү жана ишенимдүү камсыздоо боюнча улуттук деңгээлдеги стратегиялык иштерге токтолуп,   анын негизинде, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталган иш-аракеттер жүргүзүлүп жаткандыгын белгилөө менен бирге, университет Аламүдүн районунун шефке алып, пилоттук программа иштеп чыгып, айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча  иш алып бара турган болду.

      Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагазиев К.С. азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу максатында, курулуп жаткан заводдун курулушун кубаттоо мене бирге,   илимий-өндүрүштүк “In vitro” лабораториясында  өстүрүлгөн  инфекциясы жок, сорттуу жана сертификацияланган көчөттөрдүн уруктарын  Чүй обулусу сатып аларын белгиледи.  

     Ошондой эле, Чүй обулусуна  агрардык багыттагы адистерди даярдоо боюнча маселелер да каралды.

Добавить комментарий