Вы сейчас просматриваете КУАУда Жашылча үрөнү аркылуу азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо багытында иштер жүрүүдө

КУАУда Жашылча үрөнү аркылуу азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо багытында иштер жүрүүдө

2025-жылдын 27-июнунда К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору, академик Р.З. Нургазиев, проректорлор У.А. Шергазиев жана Д.Т. Сетвалдиев Окуу-тажрыйба чарбасында жашылча үрөнүн өндүрүү максатында курулуп жаткан заводдун иши менен жеринен таанышышты.

Бул долбоор Кыргызстандын жашылча үрөнүнө болгон муктаждыгын канааттандыруу, үрөндүн түшүмдүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатын көздөйт.

Иш сапардын алкагында жетекчилик заводго орнотулуп жаткан жабдуулар, жаңы системанын иштөө тартиби, ошондой эле 9 күнөсканада өстүрүлүп жаткан пияз менен бадыраң, 4 гектар питомникте отургузулган калемпир, барбарис, малина жана гибриддик теректердин көчөттөрү менен таанышышты. Долбоордун техникалык командасы жана айыл чарба адистери менен пикир алмашуу да орун алды.

Ректор Р.З. Нургазиев өз сөзүндө бул долбоордун илимий-изилдөө иштерин өнүктүрүүдө жана кадрларды даярдоодо маанилүү ролу бар экенин баса белгилеп, өнөктөштүктү улантуу зарылдыгын белгиледи.

Мындан сырткары, агротехникалык шарттар, жер семирткичтерди рационалдуу колдонуу жана өсүмдүктөрдүн ооруларга туруктуулугун жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен да таанышуу болду.

Иш-чаранын жыйынтыгында жашылча үрөнүн жеринде өндүрүү жана ишенимдүү камсыздоо боюнча улуттук деңгээлдеги стратегиялык кадамдар белгиленип, бул багыттагы иштер мындан ары да улантылары айтылды.

Добавить комментарий