Вы сейчас просматриваете К.И.Скрябин атындагы КУАУде факультеттер арасында “Баракелде-2025” аттуу кароо-сынак  өткөрүлдү.

К.И.Скрябин атындагы КУАУде факультеттер арасында “Баракелде-2025” аттуу кароо-сынак  өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 2021-2030-жылдарга чейин”Жаштарды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү жана дене тарбиялоо концепциясынын” жана 2024-жылдын 18-декабрында жарык көргөн “Улуттук дем дуйнөлүк бийиктик” -уңгу жолу жөнүндө Жарлыгынын негизинде, 2025-жылдын 16-17-апрель күндөрү К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде факультеттер арасында “Баракелде-2025” аттуу кароо-сынак  өткөрүлдү.  Иш-чара жогорку деңгээлде болуп, абдан кызыктуу өттү. Калыстар тобунда:

КУАУнун Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор Батаканова С.Т, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин Элдик музыка факультетинин деканы, доцент,  Маданияттын мыкты кызматкери Казиева С.М, аталган университеттин Театр факультетинин Сахна кеби кафедрасынын улуу окутуучусу, Маданияттын мыкты кызматкери Макеева К.Т, Салттык музыка жана фольклор кафедрасынын бүтүрүүчүсү Сүйөркулова А.С, Салттык музыка жана фольклор кафедрасынын бүтүрүүчүсү Жусупова А.С. болду.  22-апрелде Гала концертте жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылат.

Добавить комментарий