Вы сейчас просматриваете КР Жогорку Кеңшинин депутаты, Ата-Журт фракциясынын лидери Шакиев Н.Т. өзү бүтүрүп чыккан  К.И.Скрябин атындагы КУАУга келди

КР Жогорку Кеңшинин депутаты, Ата-Журт фракциясынын лидери Шакиев Н.Т. өзү бүтүрүп чыккан  К.И.Скрябин атындагы КУАУга келди

  • Автор записи:
  • Рубрика записи:Новости

2022-жылдын 2-июнунда КР Жогорку Кеңшинин депутаты, Ата-Журт фракциясынын лидери Шакиев Н.Т. өзү бүтүрүп чыккан  К.И.Скрябин атындагы КУАУга келип, университеттин материалдык-техникалык базасы,  заманбап технологиялар менен жабдылган окуу лабораториялары, илимий китепкана залы, билим берүү борборлору, музейлери, спорт комплекси ж.б. менен  таанышты. Ошондой эле, Окумуштуулар кеңеши залында университеттин ректору, КР УИАнын, РИАнын  академиги, ветеринария илимдеринин доктору, профессор Нургазиев Р.З., проректорлор, декандар, директорлор, түзүмдүн башчылары, профессор-окутуучулар менен жолугушуу өткөрдү.  Жолугушууда, Шакиев Н.Т. бүгүнкү күндө Кыргыз улуттук агрардык университети агрардык билим берүүнүн, илимий-изилдөө  иштерин жүргүзүүнүн жана инновациялык ири борбору болгондуктан, өзгөчө статусу бар  жогорку беш окуу жайдын катарына киргендигин белгиледи.  Университетте бүгүнкү күндө өлкөнүн агрардык секторуна жогорку квалификациялуу адистерди сапаттуу даярдоо үчүн бардык шарттар түзүлгөндүгүнө, замандын талабына ылайык лабораториялар ишке кирип, аудиториялар, кабинеттер заманбап окуу-методикалык жабдыктар, компьютердик технологиялар менен толук жабдылгандыгы боюнча Р.З. Нургазиевге  ыраазычылыгын билдирди