2026-жылдын 8-июнунда И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тарабынан уюштурулган «Research4Life – илимий ресурстарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү» аттуу семинар болуп өттү.
Семинарда Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору, медицина илимдеринин доктору, профессор Сооронбаев Талант Маратбекович Research4Life платформасынын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу баяндама жасап, ал эми платформанын улуттук координатору Азат Болотбек уулу аны колдонуу боюнча практикалык маалымат берди.
Семинарга Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын жана илимий мекемелеринин өкүлдөрү офлайн жана онлайн форматта катышып, баяндамачылар менен суроо-жооп жана талкуу жүргүзүштү.
Аталган иш-чарага К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинен Редакциялык жана илимий-метрикалык анализ бөлүмүнүн башчысы Белек уулу Эсенбек катышты.

