2026-жылдын 26-майында К.Скрябин атындагы КУАУнун Экономика жана менеджмент факультетинин 1- курсунун студенттери Барпыгулов Бекболот жана Мирбек уулу Абдулла Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын Аналитикалык клубу тарабынан уюштурулган «Иран Борбордук Азиянын жана Жакынкы Чыгыштын геосаясий трансформациясынын фактору катары» темадагы отурумга активдүү катышышып, сертификат менен сыйланышты. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын ректору Р.М.Рахимов, Эл аралык мамилелерди талдоо борборунун директору Осмонбетов Э, SCOLAR Bishkek Hub өкүлдөрү, башка жогорку окуу жайларынын студенттери жана өкүлдөрү катышты.




