2026-жылдын 11-майынан 22-майына чейин К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде Ташкент мамлекеттик агрардык университети менен түзүлгөн эки тараптуу кызматташтыктын алкагында академиялык мобилдүүлүк программасы болуп өттү.
Бул убакыт аралыгында Ташкент мамлекеттик агрардык университетинен 29 студент жана 3 профессордук-окутуучулар курамы келип, тажрыйба алмашышты. Программанын алкагында келген конок-окутуучулар КУАУнун студенттери үчүн кызыктуу жана тереңдетилген лекцияларды өткөрүшсө, өзбекстандык студенттер КУАУнун окуу-өндүрүштүк базасы менен таанышып, теориялык жана практикалык билимдерин өркүндөтүштү.
Эки жумалык окуу курсунун соңунда, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган бул иш-чаранын жабылыш аземи өттү. Салтанаттуу жыйынтыктоодо КУАУнун Эл аралык байланыштар жана инвестицияларды тартуу боюнча проректору, ветеринария илимдеринин кандидаты, доцент Абдыкеримов Кубанычбек Кудайбергенович катышуучуларга ийгиликтүү окуудан өткөндүгү тууралуу расмий сертификаттарды тапшырды.
Проректор өз сөзүндө коңшу мамлекеттердин агрардык ЖОЖдору ортосундагы мындай академиялык тыгыз байланыш келечекте айыл чарба тармагындагы заманбап адистерди даярдоодо жана илимий интеграцияны чыңдоодо чоң мааниге ээ экенин баса белгиледи.




