К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети токой экосистемаларын сактоо, жашылдандыруу жана илимий-практикалык базаны чыңдоо максатында жаңы заманбап техникаларга ээ болду.
Үстүбүздөгү жылдын 19-майында техникаларды салтанаттуу тапшыруу аземи өттү. Ага Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Илич Марсбек уулу жана КУАУнун ректору, Нурзат Эрмековна Тотубаева катышты.
Долбоор тууралуу:
Бул көмөк Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фонду (IFAD) жана Адаптациялык фонддун гранттык каражаттары каржылаган «Регионалдык жайыт жамааттарынын туруктуулугу – АДАПТ» долбоорунун алкагында көрсөтүлдү. Негизги максаты — көчөт өстүрүү, токойлорду калыбына келтирүү жана климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу.
Университетке берилген техникалар:
- Студенттердин практикалык көндүмдөрүн арттыруу жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн төмөнкү жабдыктар өткөрүлүп берилди:
- Мини трактор
- Топурак майдалоочу фреза
Иш-чарада Президент Садыр Жапаровдун экологиялык коопсуздукка жана жашыл экономиканы өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жаткандыгы белгиленди. КУАУнун жетекчилиги бул техникалар агрардык тармак үчүн заманбап адистерди даярдоодо чоң өбөлгө болорун билдирди.
Жалпысынан, көчөтканаларды уюштуруу жана өнүктүрүү максатында мамлекеттик мекемелер менен 49 миллион 790 миң сомдук гранттык макулдашуулар түзүлгөн. Бүгүн тапшырылган техникалар бул масштабдуу колдоонун алгачкы этабы гана болуп саналат.
Жаңы жабдыктар КУАУнун агрардык тармактагы алдыңкы инновациялык билим берүү борбору катары позициясын дагы да бекемдейт.






