Вы сейчас просматриваете APIU өкүлдөрү КНАУда: 11,6 млн сомдук көчөткана долбоору талкууланды

APIU өкүлдөрү КНАУда: 11,6 млн сомдук көчөткана долбоору талкууланды

2026-жылдын 11-майында К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин алдындагы Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн (APIU) өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Иш-чарага университеттин ректору Нурзат Эрмековна Тотубаева катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө APIU тарабынан ишке ашырылып жаткан агрардык долбоорлор, айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө багытталган программалар жана заманбап технологияларды киргизүү маселелери талкууланды. Ошондой эле агрардык секторго инновациялык жана санариптик чечимдерди колдонуу боюнча пикир алмашуу болду.

Маанилүү жаңылыктардын бири катары университеттин базасында көчөткана уюштурууга 11,6 миллион сомдук гранттык колдоо көрсөтүлөрү маалымдалды. Долбоор илимий-изилдөө иштерин өнүктүрүүгө, көчөттөрдү өстүрүү үчүн заманбап шарттарды түзүүгө жана студенттер үчүн практикалык окуу аянтчасын уюштурууга багытталган.

Тараптар билим берүү менен өндүрүштүк сектордун байланышын чыңдоо, студенттердин практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү жана жаш адистерди сапаттуу даярдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташтыкты кеңейтүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Добавить комментарий