2026-жылдын 14-апрелинде К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин окуу залында ректор Нурзат Эрмековна Тотубаеванын университеттин администрациясы, кафедра башчылары жана факультеттердин декандары менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө ректор университеттин алдыдагы өнүгүү багыттары жана стратегиялык пландары менен бөлүшүп, жаңы проректорлорду кызматка дайындоо тууралуу расмий маалымдады.
Жаңы дайындалган проректорлор:
- Окуу иштери боюнча проректор – Арзыбаев Алмазбек Момунович, техникалык илимдердин кандидаты, доцент
- Илимий иштер боюнча проректор – Кожокулов Садырбек Сабитович, географиялык илимдердин кандидаты, PhD доктору
- Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор – Тургунбаев Кубанычбек Токтоназарович, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор
- Эл аралык байланыштар жана инвестицияларды тартуу боюнча проректор – Абдыкеримов Кубанычбек Кудайбергенович, ветеринардык илимдердин кандидаты
- Административдик-чарба иштери боюнча проректор – Долотбаков Айбек Канатбекович
Ректор Нурзат Эрмековна Тотубаева буга чейин кызмат өтөп келген проректорлорго — Алмазбек Шукурбаевич Иргашевге, Светлана Топчиевна Батакановага, Уранбек Адиевич Шергазиевге, Дилшод Тухтасинович Сетвалдиевге жана Айжан Муратбековна Төлөбековага көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн терең ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле ректор алар менен мындан ары да тыгыз кызматташтык уланаарына ишенимин билдирип, жаңы дайындалган проректорлорду университетти өнүктүрүү багытындагы максаттарды биргелешип ишке ашырууга чакырып, алардын ишине ийгилик каалады.







