Вы сейчас просматриваете Министр Бактияр Орозов КУАУнун үрөн өндүрүш заводунун курулушу менен таанышты

Министр Бактияр Орозов КУАУнун үрөн өндүрүш заводунун курулушу менен таанышты

2025-жылдын 29-июлунда Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим жана инновация министри Орозов Бактияр  Сайпидинович К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Окуу-тажрыйба чарбасында Корея Республикасынын колдоосу менен «Кыргызстанда жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөнүн өндүрүү үчүн инфраструктура түзүүгө көмөк көрсөтүү» аттуу долбоордун алкагында, үрөндүн түшүмдүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу аркылуу, Кыргызстанды жашылча үрөнү менен камсыз кылуунун туруктуу системасын түзүү жана жашылча үрөнү менен камсыздоо системасын чыңдоо аркылуу азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу жана студенттерге дуалдык билим берүү берүүнү жогорулатуу, илимий-изилдөө иштерди өнүктүрүү  максатында курулуп жаткан   заводго иш  сапары менен  келди.

     Жолугушуунун жүрүшүндө Университеттин ректору, академик Нургазиев Рысбек Зарылдыкович  жашылча үрөнүн жеринде өндүрүү жана ишенимдүү камсыздоо боюнча улуттук деңгээлдеги стратегиялык иштер менен тааныштырып,   азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталган иш-аракеттер жүргүзүлүп жаткандыгын белгилөө менен бирге,  азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу максатында, курулуп жаткан заводдун курулушун,   илимий-өндүрүштүк “In vitro” лабораториясында  өстүрүлгөн  инфекциясы жок, сорттуу жана сертификацияланган көчөттөрдүн уруктарынын зарылдыгын белгиледи.

       Кыргыз-Кытай өсүмдүктөрдү коргоо борбору өсүмдүктөрдүн түшүмүн жана сапатын жакшыртууда маанилүү роль ойной тургандыгы,  аймактарда зыянкечтерге жана ооруларга   мониторинг жасалышы,   биологиялык жана интеграцияланган коргоо ыкмаларын иштелип чыгышы,  аны жайылтылышы, агрономия багытында окуп жаткан студенттерге терең билим берүү менен бирге дыйкандардын, агрономдордун  квалификациясын жогорулатууда көмөк көрсөтө тургандыгы далилденли.   

        “In vitro” лабораториясы микроклондук көбөйтүү ыкмасын колдонуп, мөмө-жемиш  өсүмдүктөрүн клондоштуруу аркылуу,   аз убакыттын ичинде ар кандай мителерден, вирустардан, бактериялардан жана башка илдеттерден тазаланган генетикалык жактан бир тектүү отургузуу материалын алууга мүмкүндүк берери жана  бул “In vitro” лабораториясы биздин дыйкандарды жаңыланган жогорку түшүмдүү, илдеттен таза көчөттөр менен толук камсыз кылуу мүмкүнчүлүгуно ээ экендиги,  бул көчөттөрдү колдонуу менен дыйкандар мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн түшүмүн кескин жогорулата тургандыгы жана агрономия, биотехнология багытында билим алып жаткан студенттерге, магистранттарга терең билим берүү менен бирге илимий-изилдөө иштерди жогорулатуу экендиги  белгиленди.  

  Ошондой эле, КР Илим, жогорку билим жана инновация министри Орозов Б,С. Окуу жана өндүрүштүк күнөсканалар, Агрохимия лабораториясы,     студенттик жатаканалар менен таанышты.

Добавить комментарий