2025-жылдын 20-февралында академик М.Н. Лущихин атындагы Мал чарбасындагы жана аквакультурадагы менеджмент кафедрасына «Бай Элим» агрохолдингинин директору Акимжанова Р.А. менен жолугушуу болуп өттү. Ал 28–31-январда өткөн «Агродиалогго» катышып, «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишкери» жогорку наамга ээ болгон.
Жолугушуунун жүрүшүндө «Зоотехния», «Стандартташтыруу жана метрология», «Балык уулоо жана аквакультура» багыттарында окуп жаткан студенттер үчүн импорттук жана экспорттук операциялар, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү жана дистрибуция маселелерин камтыган презентация өткөрүлдү. Акимжанова Р.А. сапат стандарттарына жана сертификацияга өзгөчө көңүл буруп, алар агроөнөр жай тармагынын мындан аркы өнүгүшү үчүн чечүүчү мааниге ээ экенин баса белгиледи.
Студенттер аталган презентацияга зор кызыгуу көрсөтүшүпп, көптөгөн суроолорду узатышты. Акимжанова Р.А. студенттерге өз тажрыйбасынан мисалдарды келтирип, кеңири жоопторду берди. Лекциядан соң, КУАУнун Илимий иштер боюнча проректор, профессор Шергазиев У.А., профессор Ажибеков А.С., кафедра башчысы, доцент Кадырова Ч.Т.,ага окутуучу Айтбекова Ж. жана Өндүрүштүк практика жана бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштуруу бөлүмүнүн башчысы, доцент Давлеталиев Ж.А. кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн Акимжанова Р.А. менен биргеликте кызуу талкуулашты.
Тараптар «Бай Элим» агрохолдингинин базасында дуалдык окутууну өнүктүрүү, биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү жана кызматташууну улантуу боюнча келишим түзүү жөнүндө макулдашышты. Бул демилгелер келечекте университет менен айыл чарба тармагынын ортосундагы байланышты бекемдеп, студенттер үчүн практикалык окуу жана илимий-изилдөөлөр жаатында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.



