2024-жылдын 6-декабрында К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги менен биргеликте уюштурулган «Алты дюйм топурак» («Шесть дюймов почвы») аттуу документалдык даректүү тасмасы көрсөтүлдү.
Документалдык тасма климаттын өзгөрүү шартында айыл чарба багытындагы жерлерди пайдаланууга байланыштуу, глобалдык көйгөйлөрдү камтыган. Тасма топурактын айыл чарбасы, экосистемалардагы жана адамзаттын жалпы жыргалчылыгы үчүн негизги ресурс катары ролун баса белгилейт. Тасмада, ошондой эле, биологиялык ар түрдүүлүк, регенеративдик дыйканчылык жана органикалык айыл чарба практикасы тууралуу маселелери чагылдырылган.
Адамзаттын алмаштыргыз байлыгы болгон топурак ресурстарын туруктуу башкаруу, аны сактоо боюнча актуалдуу маселелерди камтыган тасма студенттердин жана илимий кызматкерлердин көңүлүн бурду. Көрсөтүүгө Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер, КУАУнун ректору, КР УИАнын жана РИАнын академиги Р.З. Нургазиев, окуу иштери боюнча проректору А. Ш. Иргашев, Агрономия жана токой чарба факультетинин профессор-окутуучулар жамааты жана студенттер катышышты. Катышуучулар айыл чарбасынын туруктуу өнүгүү маселелери боюнча маалымат алуу менен бирге, пикир алмашып, иш-чарага жигердүү катышышты.