2024-жылдын 30-октябрында К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин “1-курстун студенттерине арноо” салтанаты Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөрүлдү. Салтанатка: Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору, КР УИАнын жана РИАнын академиги, Нургазиев Р.З, Г.А.Балян Фондунун негиздөөчүсү, “Даңк” орденинин ээси, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген экономисти, Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Ардактуу башкы консулу, техника илимдеринин кандидаты, Балян Г.Г. Г.А.Балян атындагы фонддун директору, «Карвен Спорт Клуб» ЖЧКсынын башкы директору, айыл чарба илимдеринин кандидаты, доцент, Балян С.А., проректорлор, декандар, директорлор, профессор-окутуучулар жана студенттер катышты.
Университеттин ректору, академик Р.З.Нургазиев 1-курстарды куттуктап, студенттердин билим алуусуна, чыгармачылык өнүгүүсүнө тийиштүү шарттар түзүлгөнүнө жана студенттерде гумандуулук мамилени калыптандырууга жана ар бир студенттин өз алдынчалуулугун эске алуу менен бирге, алардын гармониялык өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жаткандыгына токтолду.
Иш-чарада мыкты окуган, коомдук иштерге, студенттик илимий конференцияларга, форумдарга, дебаттарга ж.б. жигердүү катышкан 15 студентке профессор Г.А.Балян атындагы стипендия ыйгарылды.
Соңунда, Кыргыз улуттук агрардык университетинин студенттеринин жана Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын артисттеринин концерттик программасы тартууланды.