Вы сейчас просматриваете КУАУда Эмилбек Узакбаевдин 70 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өттү

КУАУда Эмилбек Узакбаевдин 70 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өттү

2025 – жылдын 3 – октябрында К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде коомдук жана мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын Айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер, Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси, КУАУнун ардактуу профессору Эмилбек Узакбаевич Узакбаевдин 70 жылдык мааракесине арналган «Кыргыз Республикасынын айыл чарбасы: азыркы абалы жана экономикалык өнүгүүсүнүн келечеги» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Иш-чаранын ачылышында КУАУнун ректору, ветеринария илимдеринин доктору, КР УИАнын жана РИАнын академиги Нургазиев Рысбек Зарылдыкович куттуктоо сөзүндө Эмилбек Узакбаевичтин  өлкөбүздүн айыл чарбасына, экономикасына кошкон зор салымдарын баса белгилеп жаштарга үлгү болоорун айтып өттү.

Конференциянын пленардык бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы – Марат Иманкулов,  КР тышкы иштер министри- Жээнбек Кулубаев, КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары – Жаныбек Керималиев ошондой эле белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрү куттуктоо сөздөрүн айтып, айыл чарбасы өлкөбүздүн өнүгүшүндө эң ири оорунду ээлерин белгилешти. Конференцияга Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдүн белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты алардын катарында:

  • Жумагулов Апас Жумагулович – Кыргыз Республикасынын Баатыры, экс-премьер-министр;
  • Игорс Апокинc – Латвиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси;
  • Раев Султан Акимович – ТҮРКСОЙдун башкы катчысы,
  • Мамытов Миталип Мамытович – Кыргыз Республикасынын Баатыры, медицина илимдеринин доктору, КР УИАнын академиги
  • Сааданбеков Жумагул Сааданбекович – саясий илимдеринин доктору, профессор
  • Ашыралиев Кемел Жакешович – мамлекеттик жана коомдук ишмер

жана башка коомдук саясий ишмерлер, окмуштуулар, студенттер катышты.

Конференциянын негизги максаты:

Кыргыз Республикасынын айыл чарбасынын учурдагы абалын жана экономикалык өнүгүү келечегин талкуулоо, тармактагы көйгөйлөрдү аныктап, анын натыйжалуулугун жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн окумуштууларды, эксперттерди жана практиктерди бириктирүү болгон.

Пленардык отурумдан кийин секциялык жыйындар башталып, илимий баяндамалар жасалды. Айыл чарбаны механизациялоо, үрөнчүлүк, мал чарбасы, өсүмдүк өстүрүү жана агрардык тармактагы инновациялар боюнча актуалдуу баяндамалар угулуп, талкуулар өткөрүлдү. Бул иш-чара Кыргызстандын айыл чарбасынын учурдагы абалын жана экономикалык өнүгүү келечегин талкуулап, айыл чарбасын механизациялоо жана электрлештирүү, айыл чарбасын өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык жана экологиялык аспектилери каралып, тармактын туруктуу өнүгүүсү үчүн маанилүү сунуштарды иштеп чыгууга өбөлгө түздү.

Добавить комментарий