Вы сейчас просматриваете Кыргызстандын агрардык тармагында жаңы мүмкүнчүлүк: жашылча үрөнүн өндүрүү боюнча Окуу-илимий борбору ачылды

Кыргызстандын агрардык тармагында жаңы мүмкүнчүлүк: жашылча үрөнүн өндүрүү боюнча Окуу-илимий борбору ачылды

2025-жылдын 10-сентябрында К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Окуу-тажрыйба чарбасында Корея Республикасынын колдоосу менен «Кыргызстанда жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөнүн өндүрүү үчүн инфраструктура түзүүгө көмөк көрсөтүү» долбоорунун алкагында Жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөнүн өндүрүү боюнча Окуу-илимий борборунун ачылыш аземи болуп өттү.

Максаттары:

  • жашылча үрөнүнүн түшүмдүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу;
  • Кыргызстанды өзүнүн үрөнү менен камсыз кылуунун туруктуу системасын түзүү;
  • азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо;
  • студенттерге дуалдык билим берүү жана илимий-изилдөө иштерин өнүктүрүү.

Иш-чарага катышкан коноктор:

  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Торобаев Б.Э.
  • Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим жана инновация министринин орун басары Омуров Н.К.
  • Кореянын Кыргызстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ким Кван Чжэ
  • KRC глобалдык долбоордун кеңсесинин башкы директору Ким Сон Гён
  • KRC глобалдык айыл чарбаны өнүктүрүү тобунун улук орун басары Мун Кён Дак
  • KOICAнын Кыргызстандагы башкы өкүлү Лим Со Ён
  • долбоордун менеджери Ли Бён Хон, ошондой эле университеттин жетекчилиги жана профессордук-окутуучулар курамы.

КУАУнун ректору, академик Р.З. Нургазиев азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталган улуттук стратегиялык иштер тууралуу айтып, жаңы борбордун жана “In vitro” лабораториясынын иши менен тааныштырды. Ал жерден инфекциясы жок, сорттук жана сертификацияланган көчөттөрдүн үрөнүн өстүрүүнүн мааниси белгиленди.

Ачылыштан кийин KRC тарабынан «Корея менен Кыргызстандын айыл чарба жана ирригация трансформациясы боюнча кызматташтык» темасында семинар өтүп, анда келечектеги долбоорлор жана кызматташтык багыттары талкууланды.

Добавить комментарий