2025-жылдын 27-мартында КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Тургунбек уулу Нурланбек, КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Махметкулов Альберт Дамирбекович, КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Керималиев Жаныбек Калканович К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине иш сапары менен келишти. КУАУнун ректору, академик Нургазиев Р.З., проректорлор, декандар тосуп алышып, университеттин инфраструктурасы менен тааныштырышты. Айрыкча, университеттин базасындагы Республикада биринчилерден болуп уюшулган жападан жалгыз өсүмдүктөрдү микроклоналдык көбөйтүү “In Vitro” лабораториясынын ишмердүүлүгү менен таанышышты. Аталган лабораторияда микроклондук көбөйтүү ыкмасын колдонуп, жер-жемиш (картошка, малина, кулпунай) өсүмдүктөрүн клондоштуруу боюнча иш жүргүзөт. Ошондой эле, “Жашыл мурас” программасына ылайк, шаарды жашылдандыруу максатында, бак-дарактардын (терек ж.б.) вируссуз көчөтөрү даярдалууда. Бул ыкма аз убакыттын ичинде ар кандай мителерден, вирустардан, бактериялардан жана башка илдеттерден тазаланган генетикалык жактан бир тектүү отургузуу материалын алууга мүмкүндүк берет. Бул “In vitro” лабораториясы биздин дыйкандарды жаңыланган жогорку түшүмдүү, илдеттен таза көчөттөр менен толук камсыз кылуу мүмкүнчүлүгунө ээ. Бул көчөттөрдү колдонуу менен дыйкандар жер-жемиш өсүмдүктөрүнүн түшүмүн кескин жогорулатат.
Ошондой эле, Коллекциялык питомникте жайгашкан күнөсканалар, Фитосанитардык көзөмөл жана өсүмдүктөрдүн карантини боюнча илимий лабораториясы; Агрохимиялык лабораториясы; Ч.Айтматов атындагы, Т.Акматов атындагы окуу-илимий борборлору; Мамлекеттик тил, орус тил, Г.А. Балян атындагы кабинеттери, Стартап борбору менен таанышышты.






