К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору, КР УИАнын академиги, в.и.д., профессор Нургазиев Р.З. жана университеттин илимий иштери боюнча проректору профессор Шергазиев У.А. университеттин күнөсканасында окуу-практикасын өтүп жаткан Биотехнология кафедрасынын 1- жана 2-курсунун студенттери менен жолугушуп, студенттерди жакшы окуп билим алууга университетте бардык шарттар түзүлгөндүгүн кесипкөй адис болуу үчүн практика менен теорияны айкалыштыруу маанилүү экендигине токтолушту.




