2025-жылдын 18-февралында, КУАУда өткөрүлгөн “Агродиалог” форумунун жыйынтыгы боюнча, Кыргызстандагы “Арашан” коюнун авторлору: Доронов Жылдызбек, Шүкүралиев Толкунбек академик М.Н. Лущихин атындагы Мал чарбасындагы жана аквакультурадагы менеджмент кафедрасына келишип, профессор – окутуучулар менен жолугушуп, “Арашан” породасынын асыл-тукумдук сапатын жакшыртуу боюнча слекция иштеринин планын иштеп чыгууга, студенттерди жумуш ордунда окутуу, практика, стажировкаларды уюштуру боюнча кеңири талкуу болуп, жыйынтыгында эки тараптык Жумуш ордунда окутуу жана илимий-иштерди жүргүзүү боюнча келишимге кол коюлду. Келишимге кол коюу иш-чарасына: КУАУнун Окуу бөлүмүнүн башчысы, доцент Ш.Б. Аматов, аталган кафедранын башчысы, доцент Ч.Т. Кадырова, профессорлор: А.С. Ажибеков, С.М. Деркенбаев жана доцент И.Ж. Алыкеев катышышты.


