Вы сейчас просматриваете К.И.Скрябин атындагы КУАУнун ректору, академик Р.З.Нургазиев КР Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы №137 Жарлыгын, “Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” жыйын өткөрдү.

К.И.Скрябин атындагы КУАУнун ректору, академик Р.З.Нургазиев КР Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы №137 Жарлыгын, “Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” жыйын өткөрдү.

2025-жылдын 21-январында К.И.Скрябин атындагы КУАУнун ректору, академик Р.З.Нургазиев КР Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы №137 Жарлыгын, “Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы жана КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары К.Ташиевдин коррупцияга каршы күрөшүүгө багытталган жыйынында көрсөтүлгөн маселелерди аткаруу максатында, профессор-окутуучулар, кызматкерлер жана студенттер арасында коррупцияга каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы позитивдүү маданиятты калыптандыруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылуу боюнча кеңешме өткөрдү. Кеңешмеде: Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы жаңы мыйзамдагы өзгөртүүлөрдүн негизинде, университеттин коррупцияга каршы саясат программасы  кайра карап чыгуу, аталган мыйзамдагы өзгөртүүлөр тууралуу факультеттерде, институтта, колледждерде профессор-окутуучулардын, кызматкерлердмн жана студенттердин маалымдуулугун жогорулатуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү, коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча студенттерге анонимдүү сурамжылоо уюштуруу, коррупцияга каршы күрөшүү саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча  иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүү боюнча маселелер каралды.

Добавить комментарий