2024-жылдын 24-деабрында К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде жаңы 2025-жылга арналган салтанат болуп өттү. Иш-чарада университеттиен ректору, академик Р.З.Нургазиев жамаатты куттуктоо менен бирге, документтерди жана материалдарды натыйжалуу жана өз учурундадаярдагандыгы үчүн;Технология жана биоресурстар, Э.И. Арабаев атындагы Экономика жана менеджмент факультеттерине, Колдонмо информатика жана маалыматтык технологиялар, Жерге жайгаштыруу жана кадастрлар кафедраларына, ошондой эле, ишти аткарууда жогорку кесипкөйлүктү, компетенттүүлүтү, билгичтикти көрсөткөндүгү, нормадан ашык жумуш убактысын пайдалануу менен талап кылынган чоң көлөмдөгү иштерди аткаргандыгы жана өз ишине берилгендиги үчүн Сапат, аккредитация жана лицензиялоо, Г.А..Балян атындагы Эл аралык байланыштар, Илим, Окуу, Бухгалтердик эсеп, Имараттарды жана курулмаларды эксплуатациялоо бөлүмдөрүнө, “In vitro” лабораториясына акчалай сыйлыктарды жана баалуу белектерди тапшырды.
Салтанатта ар бир бөлүм, факультет шоу-программаларды тартуулап, 1-орунду Инженердик-техникалык факультети; 2-орунду Администрация; 3-орунду Технология жана биоресурстар факультети; 4-орунду Гидромелиорация, экология жана жерге жайгаштыруу факультети ээлешип, акчалай сыйлыктарга ээ болушту.