Вы сейчас просматриваете 2024-жылдын 1-ноябрында Кыргыз улуттук агрардык университетинин Окуу-тажрыйба чарбасына жашылча өсүмдүктөрдүн үрөнүн өндүрүү боюнча иш сапар өткөрүлдү

2024-жылдын 1-ноябрында Кыргыз улуттук агрардык университетинин Окуу-тажрыйба чарбасына жашылча өсүмдүктөрдүн үрөнүн өндүрүү боюнча иш сапар өткөрүлдү

2024-жылдын 1-ноябрында Кыргыз улуттук агрардык университетинин Окуу-тажрыйба чарбасына жашылча өсүмдүктөрдүн үрөнүн өндүрүү боюнча иш сапар өткөрүлдү

1-ноябрь 2024-жылы К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Окуу-тажрыйба чарбасында жашылча өсүмдүктөрдүн үрөнүн өндүрүү боюнча күнөсканаларга иш сапар уюштурулду. Иш сапар учурунда университеттин жетекчилиги жана кызматкерлери заманбап технологияларды колдонуу менен үрөн өндүрүү иштери менен таанышышты.

Бүгүнкү күндө аталган күнөсканаларда урук алуу максатында Кореядан алынып келинген пияз жана турп (редька) өстүрүлүп, келечектеги үрөн өндүрүү процесстерине өбөлгө түзүүдө. Бул демилге өлкө ичинде сапаттуу жана туруктуу үрөн менен камсыз кылууга багытталган, ошондой эле айыл чарба тармагын өнүктүрүүнү көздөйт.

Иш-чарага университеттин ректору, академик Р.З. Нургазиев баш болгон проректорлор, декандар жана окутуучулар катышты. Тажрыйба алмашуу жана пикир алмашуу жандуу жана натыйжалуу болду, ал эми бул иш сапардын жыйынтыгы университеттин агрардык жааттагы окутуу жана тажрыйба программаларына жаңы дем берип, өнүгүү жолундагы маанилүү кадамдарды белгиледи.

Добавить комментарий