2023-жылдын 3-ноябрында К.И.Скрябин атындагы КУАУда

  • Автор записи:
  • Рубрика записи:Новости

2023-жылдын 3-ноябрында К.И.Скрябин атындагы КУАУ Айыл чарба азыктарын кайра иштетүү технологиясы кафедрасынын башчысы, х.и.к., доцент Ж.М. Мааткеримова Техб-1,2-21 группаларына “Айыл чарба азыктарынын биохимиясы” сабагы боюнча Республикалык ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунда көчмө сабак өттү.

Республикалык ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун лаборатория башчысы Э.Курманалиев лабораториянын жүргүзгөн иштери жана  сүт, эт, балык, бал азыктарынын курамындагы антибиотиктерди, оор металлдарды, ГМОну кандай лабораториялык ыкмалар менен аныктоо боюнча терең лекция окуп, лабораториялык курал – жабдыктардын иштөө процесстери  менен тааныштырды. Студенттер берген суроолоруна толук жооп алышты.