Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында К.И.Скрябин атындагы КУАУнун  “1- курстун студенттерине арноо” салтанаты   өткөрүлдү.

  • Автор записи:
  • Рубрика записи:Новости

2023-жылдын 26-октябрында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин  “1- курстун студенттерине арноо” салтанаты   өткөрүлдү. Салтанатты КУАУнун окуу иштери боюнча проректору, ветеринария илимдеринин доктору, профессор А.Ш.Иргашев  алып барып, КУАУ тууралуу  тасма көрсөтүлдү. Иш-чарага: Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору, КР УИАнын жана РИАнын акдемиги, КР Илимине эмгек сиңирген ишмер  Р.З.Нургазиев  Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген экономисти,  “Даңк” орденинин ээси, Венгриянын Кыргызстандагы  Ардактуу башкы консулу, техника илимдеринин кандидаты, КУАУнун Ардактуу профессору Г.Г.Балян,  проректорлор, декандар, директорлор, профессор-окутуучулар жана студенттер катышты.

   КУАУнун ректору, академик Р.З.Нургазиев куттуктоо сөз сүйлөп, сөзүндө университетте агрардык багыттагы адистерди даярдап чыгаруу менен бирге, ар тараптан өнүккөн, рухий дүйнөсү бай, дүйнө таанымы калыптанган, адеп-ахлактуу инсандарды тарбиялоого бардык шарттар түзүлгөдүгүнө токтолуп, 1-курстардын студенттерин жакшы, терең билим алууга, креативдүү болууга чакырды. Андан соң, Р.З. Нургазиев  “Билим ачкычын” Инженердик-техникалык факультетинин 1-курсунун  лидери  Темирбек уулу Азатбекке тапшырды.

        2011-жылдан бери профессор Г.А.Балян атындагы фонд мыкты окуган,    таланттуу студенттерге колдоо көрсөтүп келет. Фонд университеттин он беш мыкты студенттери үчүн Г.А.Балян атындагы стипендиясын белгилеген, стипендиянын суммасы 5000 сомду түзөт.   КУАУнун Ардактуу профессору Г.Г.Балян куттуктоо сөз сүйлөп,  университеттин мыкты окуган, коомдук иштерге жигердүү катышкан, чет тилдерин жакшы билген 15 студентке Г.А.Балян атындагы стипендиясын тапшырды.

      Соңунда, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын артистеринин жана КУАУнун студенттери тарабынан майрамдык концерт тартууланды.