2023-жылдын 14-мартында К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин инженердик-техникалык факультетинин Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу кафедрасында “Калыптанма энергия булактарын өзгөртүү жана айыл чарба машиналарын башкаруу боюнча автоматташтырылган системалар” аттуу окуу-илимий лабораториясынын ачылышына университеттин ректору, академик Р.З. Нургазиев, КР УИАнын Машина таануу жана автоматика институтунун директору, техн.и.д., профессор Б.С. Султаналиев, факультеттин деканы техн.и.д., профессор Темирбеков Ж.Т. жана АЧЭА кафедрасынын профессор-окутуучулары катышышты.
Ачылуу аземинде т.и.д., профессор Кадыров И.Ш. лабораториянын милдети, аткарган жумушу жана келечектеги максаттары жөнүндө кенен баяндама жасады.
Иш-чаранын соңунда, К.И. Скрябин атындагы КУАУнун ректору, академик Р.З. Нургазиев менен КР УИАнын Машина таануу жана автоматика институтунун директору т.и.д., профессор Султаналиев Б.С. илимий кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту.





