2023-жылдын 25-январында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Байсалов Эдиль Жолдубаевич, КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул уулу Абазбек К.И.Скрябин атындагы КУАУнун материалдык-техникалык базасы: Фитосанитардык көзөмөл жана өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораториясы, Агрохимиялык лабораториясы, Топурактын жана айыл чарба өсүмдүктөрүн анализдөө лабораториясы, MTЗ-82.2 тракторунун нукура конструкциясынын жара кесилген стенди лабораторияы, Суунун жана топурактын касиетин анализдеген Кыргыз-Кытай лабораториясы, Виртуалдык-логистика лабораториясы, Аквакультура борбору, Бизнес-инкубатор (Стартап) борбору, Ч.Айтматов атындагы кабинет, Мамлекеттик тил, орус тили, Г..А.Балян атындагы кабинеттери, Күнөскана, студенттик жатаканалар, музей менен таанышышты.
Соңунда профессор-окутуучулар жамааты менен жолугушуу өткөрүлдү.





