2022-ж. 7-октябрда «Чакан ГЭС»

  • Автор записи:
  • Рубрика записи:Новости

2022-ж. 7-октябрда «Чакан ГЭС» ААКнын кызматкерлери тарабынан Кыргыз улуттук агрардык университетинин инженердик-техникалык факультетинин “Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу” кафедрасынын  3 курсунун студенттери үчүн “Гидротехникалык орнотмолор” дисциплинасынын алкагында ГЭС-3 («Чакан ГЭС» ААКсынын станцияларынын бири) менен таанышуу экскурсиясы өткөрүлдү. «Гидротехникалык курулуштар» темасы боюнча практикалык сабагында алкагында студенттерге гидротехникалык курулуштар, ГЭСтердин гидромеханикалык жана электр жабдуулары көрсөтүлдү. Ишенимдүүлүк жана коопсуздук кызматынын (СНиТБ) башчысы Улан Айтуганов жана КМГЭС ААК Чакан ГЭСинин ОДГнын улук диспетчери Азамат Алымсеитов студенттерге ГЭСтин бүтүндөй иштөө принциби, гидроагрегаттар жана анын көмөкчү системалары, ГЭСтин жабдуулары тууралуу маалымат беришти.

Видеоматериал